Токмоктун тушундагы Чу дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүЧу дарыясы. Архив
Чу дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ азырынча маркумдун ким экени тактала электигин белгиледи.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Токмок шаарынын тушунда Чу дарыясынан болжол менен 40-45 жаштагы азият улутундагы эркектин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, сөөк Бишкек — Торугарт айланма унаа жолунун Дунларов көпүрөсүнүн жанынан алынып чыккан. Азырынча маркумдун аты-жөнү белгисиз болууда. 

Жансыз денени суудан алып чыккан куткаруучулар аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0