Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну 5000 долларын алдырып ийген

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүДоллар акчалары. Архив
Доллар акчалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делинип 27 жана 34 жаштагы Бишкектин тургундары кармалды.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Алдамчылык жолу менен 5000 доллар алышты делгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-июль күнү милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2015-жылдын ноябрь айында эки таанышы 5000 долларын алдамчылык жолу менен алып койгону тууралуу айтылат.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делинип 27 жана 34 жаштагы Бишкектин тургундары кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0