Бир күндө 2 кг героин жана 18 кг нашаа сактап жүргөн үч жаран кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүНашаа. Архив
Нашаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иштер боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан бир күн ичинде жалпы жонунан 18 килограмм нашаа жана 2 килограмм героин сактап жүргөн үч жаран алынды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-июнь күнү Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында 24 жаштагы тажик жараны кармалды. Аны тинтүү учурунда жанынан 14 килограмм 889 грамм нашаа алынган. 

Нашаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткендин тургуну 1,5 кг нашаа менен Бишкектен кармалды
Ушул эле күнү Бишкек шаарынын 8-кичи районунда 32 жаштагы Алай районун тургуну 2 килограмм 48 грамм героин менен кармалды. 

Ал эми 30-июндан 1-июлга караган түнү Бишкек шаарында 28 жаштагы калаа тургуну 2 килограмм 973 грамм нашаа менен кылтакка илинген. 

Аталган иштер боюнча кармалган жарандарга карата Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңгизатты жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголду. 

Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0