Башында казак жигит турган каракчылардын тобу кылтакка илинди

Жазылуу
Кылмыштуу топтун мүчөлөрү турак жайларды карактоо менен жан багып келишкен.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Батирлерди тоноп жан багып жүргөн жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди. 

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: 450 миң долларын жолдон тоноткон ишкер ок жеп, шектүү үч жаран кармалды
Маалыматка ылайык, Свердлов ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын эки тургуну арыз менен кайрылып, уурулар эки үйдөн 3000 доллар жана 3000 сом уурдап кеткенин айтышкан.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 23 жаштагы казакстандык жаран башында турган кылмыштуу топтун 20, 18, 22 жана 19 жаштагы мүчөлөрү кармалды. 

Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда алардан 200 доллар, 5500 сом жана Volkswagen Golf III унаасы алынган. 

Тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0