БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районундагы Достук айылында дайынсыз болгон төрт жашар Перизат Арстанбекова изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ туугандары менен бирге издөө иштерин жүргүзүп жаткан куткаруучулар суу жээгинен кыздын бир бут кийимин табышкан.
Бүгүн таңкы саат 6.00дөн баштап издөө иштери улантылды.