Бишкекте аялды аёосуз сабап, көчөгө таштап кеткен 61 жаштагы киши кармалды

Жазылуу
Шектүү жаран буга чейин 11 жолу соттолгону аныкталган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Чыгыш-5 кичи районунда 54 жаштагы аялды өлтүрө сабап салган 61 жаштагы киши кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Столдогу бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумгалда 74 жаштагы карыя айыл тургунун бычактап өлтүрүүгө шектелип жатат
Ага ылайык, Свердлов РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чыгыш-5 кичи районундагы көчөлөрдүн биринде эс учун билбей жаткан аял тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Тез жардам кызматы аркылуу аял шаардык клиникалык оорукананын кайта жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эсине келбей каза болгон.

Анын денесинен катуу сабалганынын белгилери аныкталган. Көкүрөк сөөгү жана төрт кабыргасы сынып, ичи жана башы көгала болгон.

Райондук милиция тарабынан кылмыш иши козголуп, бул кылмышка шектүү катары 61 жаштагы жаран кармалган.

"Свердлов райондук милициясы бул ишке шектүү катары буга чейин 11 жолу соттолгон 61 жаштагы киши кармалды. Ыкчам иликтөө тобу каза болгон жаран менен шектүүнүн ортосунда интимдик байланыш болгонун аныктады. Кырсык болор күнү алар урушуп, киши аялды катуу сабап, көчөгө таштап кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда шектүү жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0