Баткенде мыйзамсыз май ташыган автоунаа толугу менен күйүп кетти

Жазылуу
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймагынан Тажикстанга күйүүчү майды мыйзамсыз ташыган автоунаа толугу менен күйүп кеткенин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Токойдогу отту өчүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын токойлорундагы өрттүн алдын алуу боюнча 70 топ түзүлдү
Маалыматка ылайык, "Скания" автоцистернасы менен 34 тонна май ташып келип, аны өрт коопсуздугун сактабай куюп жатканда жалын тутанып, автоунаа толугу менен күйүп кеткен.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө эки жаран кармалган. Алар тийиштүү документтери жок күйүүчү майды аткезчилик менен ташып келишкен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0