Жалал-Абадда Көлдөгү мелдешке бараткан мугалимдер кырсыкка учурап, бири каза болду

Жазылуу
Унаа ичиндеги беш мугалим жаракат алып, Кара-Көл шаарындагы ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 407-чакырымында "Stepwgn" унаасы "Honda Odyssey" менен кагышып, кырсыктан бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Сотрудники ПМ на месте наезда на пешехода со смертельным исходом по улице Курманджан Датки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте шашып бараткан айдоочу кыз адам өлүмүнө себепкер болду
Маалыматка ылайык, "Stepwgn" унаасында Ысык-Көл облусуна спорттук мелдешке баратышкан Жалал-Абад облусунун медициналык окуу жайынын кызматкерлери болгон. Окуядан "Stepwgn" унаасынын 46 жаштагы жүргүнчүсү каза болуп, бири учурда оор абалда реанимацияда жатат. Ал эми "Honda Odyssey" унаасынын айдоочусу жеңил жаракат алган. 

Кырсыктан жабыркагандар Кара-Көл шаардык ооруканасына жаткырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0