Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндөгү кафенин биринен өрт чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерелри. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө бир саат убакыт керектелген.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Байтик баатыр көчөсүндөгү кафелердин биринен өрт чыкканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү саат 15.27де түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлүп, жалын саат 16.22де өчүрүлгөн.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча кафенин тамак-аш куура турган түзүлүшү жана 20 чарчы метр аянты күйүп кеткен.

Жабырлануучулар катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0