Баткендин тургуну 1,5 кг нашаа менен Бишкектен кармалды

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүНашаа. Архив
Нашаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жаранды колго түшүрүү иш-чарасы "Киркомстрой" районунда болгон.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Баткен облусунун 43 жаштагы тургуну 1 килограмм 653 грамм нашаа менен кармалды. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган жаранды кармоо үстүбүздөгү жылдын 19-июнь күнү "Киркомстрой" районунда болгон. 

Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңгизатты жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголду. 

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0