Кара-Сууда 17 жаштагы кыз жаңы төрөгөн баласын талаага таштаган деп шектелүүдө

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Суу районундагы талаадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы талаадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-июнда Кара-Суу РИИБине саат 22:00 чамасында айыл аймактардын биринин талаасына ташталган ымыркай тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу тез жардам кызматы менен келген.

Крокодил. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШнын Флорида штатында крокодил эки жашар бөбөктү сүйрөп кетти
Талаага ташталган ымыркайдын кыз экени аныкталган. Аны биринчилерден болуп мал кароо үчүн талаага чыккан жергиликтүү молдо байкап, айыл тургундарына кабар берген. Алар маалыматты милиция жана тергөөчү жеткиришкен. Ымыркайды айылдагы келиндердин бири эмизип курсагын тойгузган.

Дарыгерлер кыздын киндиги кесиле электигин аныктап, ал жакында эле төрөлгөнүн айтышкан.

Аталган факты боюнча милиция ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, ымыркайдын энеси катары Ош шаарынан жашы жете элек кызды кармашкан.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуянын чоо жайы текшерилүүдө. Шектүү катары кармалган 17 жаштагы (9-класстан кийин окууну таштаган) кыздын туугандары анын кош бойлуу экенин билишпегенин айтышкан.

Учурда ымыркай жана анын энеси аймактык ооруканага алып келинип, дарыланып жатканы ИИМ тараткан билдирүүдө айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0