Бишкекте кичи автобус менен кагылышкан жеңил унаанын айдоочусу качып кетти

© Sputnik / Александр Викулов / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкерлери. Архив
Тез жардам кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан жети адам жабыркап, ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө маршрутка менен Opel Zafira унаасы кагылышып, кырсыктан жети адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди.

Бишкектеги Курманжан датка менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер оюлуп, ага КамАЗ түшүп кеткен. - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жер оюлуп жүк ташуучу унаа түшүп кетти
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-июнь саат 20:30да Жаш Гвардия бульвары менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Анда №260 маршрутка менен Opel zavfira унаасы канышып, катуу соккудан улам кичи автобус дагы башка унаага барып урунган.

Маршруткадагы жети жүргүнчү түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Ал ортодо Opel Zafira унаасынын айдоочусу из жашырууга үлгүргөн. Учурда аны издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0