Ош облусунда жер титиреди

Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Ош облусунда бүгүн саат 11:04тө жер силкинип, анын күчү очогунда 2-2,5 баллга жеткенин ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн очогу Кичи-Алай айылынан түндүк-чыгышты карай 16 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышты карай 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Чогон айылында 2,5 жана Кара-Кыр айылында 2 балл сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0