Кызын зордуктап жүргөн өгөй ата өмүр бою эркинен ажыратылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттолуучу чыгарылган өкүмгө макул болбой болбой апелляциялык тартипте доо арыз келтирген. Бирок Каракол шаардык соту 2015-жылдын 21-октябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өгөй кызын күч колдонуу менен зордуктап жүргөн 42 жаштагы жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди. 

Каракол шаарында жашаган соттолуучу 2014-жылдын март айында саат 13.30 чамасында өзү багып чоңойткон 14 жаштагы кызын мектептен чыккандан кийин "телефон сатып берем" деп алдап, сейил бакка эрчитип барган. Ал жактан кызды коркутуу жолу менен зордуктап салган. 

Здание белого Кыргызской Республики. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
ЖК өспүрүмдөргө зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерди жазалоону күчөтүү демилгесин карады
Ошол эле жылдын июнь айында өзүлөрү жашаган үйдүн чатырына кызын алып чыгып "бирөөгө айтсаң сиңдиңди да зордуктап салам" деп коркутуп, жыныстык катнашка барган. 

Кордукка чыдай албай калган кызы 2015-жылы окуянын бардыгын апасына айтып берген. Ал өз учурунда укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Натыйжада айыпталуучу Каракол шаардык соту тарабынан күнөөлүү деп табылып өмүр бою эркинен ажыратылган.

Соттолуучу чыгарылган өкүмгө макул болбой апелляциялык тартипте доо арыз менен кайрылган. Бирок Ысык-Көл облустук соту Каракол шаардык сотунун 2015-жылдын 21-октябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0