Суусамырда асма көпүрөнү суу алып кетип, малчылар ачка калды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүАгын суу. Архив
Агын суу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жумадан кийин гана куткаруучулар аймакка барып, асма көпүрөгө тросс орнотуп беришкен.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Суу деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам Суусамыр аркылуу жайыттарга өтүүчү асма көпүрө жараксыз абалга келип, аркы жээктеги үч үй-бүлө жана 15 малчы тамак-ашсыз калганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, суу көпүрөнү 3-июнда алып кеткен. Окуя Бишкек — Ош жолунун 175-чакырымында болгон. 

Бир жумадан кийин аталган аймакка беш куткаруучу жөнөтүлүп, асма көпүрөгө тросс орнотуп беришкен. Мындан улам ал аркылуу өйүздөгүлөргө азык-түлүктү тартып алууга шарт түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0