Баткенде май ташуучу эки унаа күйүп, айдоочулардын бири жабыркады

Жазылуу
Кырсык өрт коопсуздугу сакталбагандыктан улам келип чыккан.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Баткен облусунда май ташуучу эки унаа күйүп, айдоочулардын бири жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-июнь күнү саат 08:51де Лейлек районундагы Ленин айылында Кыргызстан менен Тажикстанга караштуу "КамАЗ" үлгүсүндөгү бензин ташуучу автоунаалар күйүп жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. 

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барып, күйүп жаткан унааларды 10:55де толук өчүргөн. 

"Тилсиз жоодо 30 тонна бензин жана эки кабаттуу үйдүн устун, шиферлери күйгөн. Мындан сырткары, 54 жаштагы айдоочу Таирбек Бакиров колунан жана бутунан күйүк алып, райондук ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта. 

Кырсык өрт коопсуздугу сакталбагандыктан улам келип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0