Милиция уюшкан кылмыштуу топтун "Дөө" аттуу мүчөсүн кармады

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыңгыз Жумагулов буга чейин соттолуп чыккан. Ал адам өмүрүнө кол салды деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. "Дөө" деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов кармалганын ИИМ билдирди. 

Милиция кызматкеринин фуражкасы жана кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 10 жылдан бери издөөдө жүргөн мурунку милиционер кармалды
Милиция Жумагуловду апрель айында болгон Курманжан датка көчөсүндөгү атышууга тиешеси бар деген жүйөө менен колго түшүрдү. Аталга көчөдө атышуу болуп, бир адам жабыркаган. Андан көп өтпөй эки шектүү колго түшкөн. 

ИИМ тергөө учурунда атышуу Жумагулов тарабынан уюштурулганы тууралуу маалымат алганын айтып, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турарын кошумчалайт. 

Жумагуловго 2-июнь күнү айып тагылган. Анткен менен ал эртеси изин суутуп кеткен. 

"Из жашырган Жумагуловго Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу тууралуу чечим чыкты. Ага карата издөө салынды", — деп айтылат маалыматта. 

Теолог Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадыр Маликовго кол салган Алибек Тилек уулу өмүр бою эркинен ажыратылды
Көп өтпөй 10-июнь күнү кылмышка шектүү жаран Ысык-Ата районунан колго түштү. 

Жумагулов 2012-жылы Биринчи май райондук соту тарабынан 12 жылга кесилген. Ал эми шаардык сот жаза мөөнөтүн кыскартып, 9 жылга эркинен ажыраткан. 

Ал эми 2013-жылы 14-март күнү Жалал-Абад соту тарабынан жаза өтөө чарасы өзгөртүлүп, турак колониясына которулган. Ага ылайык 3 жыл 11 ай 19 күн жаза өтөп, 2014-жылы эркиндикке чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0