Бишкек тургунунун үйүнөн курал-жарак табылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОк. Архив
Ок. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тинтүү учурунда АК-74 автоматы, тапанча жана ок-дары алынган.

БИШКЕК, 9 июн — Sputnik. Бишкекте милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундун үйүнөн куралдарды алышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди. 

Маалыматка ылайык, 53 жаштагы шаар тургунун үйүндө тинтүү жүргөн. 

"АК-74 автоматы, Симинов, Сайга карабини, Хадсон винчестри, маркасы такталбаган тапанча жана бир канча ок табылган", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 241-беренеси (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0