ИИМ: клуб ээси менеджеринин карыз экенин айтып 12 саат кармап отурган

Жазылуу
Милиция клуб жетекчиси менен менеджердин ортосунда каржылык түшүнбөстүктөр чыкканын аныктаган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы клубдардын биринде менеджер болуп иштеген баланы клубдун ээси карыз деген жүйөө менен 12 саат кармап отурган. Бул тууралуу ИИМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына клуб жетекчиси кол алдындагы кызматкерин кармап отурганы тууралуу арыз түшкөн. 

Бишкектеги стриптиз жөнүндө чындык: стрип-клубда кантип официант болуп иштедим
Кайгуул милициясы аталган жерге барып, кармалгандарды милиция бөлүмүнө жеткирген. 

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 25 жаштагы шаар тургуну Ташкент шаарында төрөлгөн 39 жаштагы россиялыктын клубунда менеджер болуп иштегени аныкталган. Клуб жетекчиси менен менеджердин ортосунда каржылык түшүнбөстүктөр чыгып, 5-июнь күнү клуб жетекчиси кызматкерлерине менеджерин 2 миң доллар карызды төлөп берүү тууралуу кат жазмайын чыгарбоо талабын койгон. Ошентип 25 жаштагы жаранды 12 саат эс алуу жайында кармашкан. 

Клубдун ээси кылмышка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 125-беренеси (Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0