Бишкектин жанында жарылган граната боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды

© flickr.com / Hadley Paul GarlandГраната. Архив
Граната. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Бишкек шаарынын жанындагы айылда граната жарылып, кырсыктан 5 адам оор жаракат алганы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкектин жанындагы айылда жарылган граната боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Эске сала кетсек, 4-июнда Бишкектин жанындагы Пригородное айылында граната жарылып, беш киши жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча жабырлануучулар эски цехтен граната таап алышкан. Ал колдон түшүп жарылып кеткен. Кырсыктан беш киши оор жаракат алган. Алардын арасында эки төрт жашар жана бир алты жашар бала бар. 

"Учурда Чүй ОИИБи тарабынан териштирүү иштери башталып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Ага ылайык, гранатанын маркасы, кандай шартта ал жерден табылганы аныкталат. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен керектүү чаралар көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

ИИМ ар убак жарандарды мыйзамсыз сакталган куралдарды тапшырууга чакырат. Ыктыярдуу курал тапшыргандарга акчалай сыйлык берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0