Баткенде кайрадан сел жүрдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия сошедшего селя в Кадамджайском районе
Последствия сошедшего селя в Кадамджайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чаувай айылындагы сел турак жайларга зыян тийгизип, электр мамычаларын жабыркаткан. Ал эми эки шаардагы кырсыктан жабыркагандар катталган эмес.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чаувай айылында, Сүлүктү жана Исфана шаарларына жаандын улам сел жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Чаувай айыл аймагындагы селдин суусу бир турак үйдүн ичине кирип, дагы төрт турак жайдын короосун каптаган. Мындан тышкары, 800 метр ички чарбалык жолду жана 150 метр ички чарбалык арыкты сел калдыктары баскан, эки электр мамычасы авариялык абалга кептелген. 

Кадамжайда сел алып кеткен 3 жаштагы бала изделүүдө - Sputnik Кыргызстан
Селге агып кеткен баланы табуу үчүн куткаруучулар ар бир метр жерди казып издешти
Ал эми Сүлүктү жана Исфана шаарларында жүргөн сел турак жайларга жана адам өмүрүнө зыян келтирген эмес.

Азыркы убакытта аталган аймактар ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынып, электр мамычаларын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, майдын соңунда Жийделик участкасында да сел жүрүп, ал беш адамдын өмүрүн алып кеткен, дагы бир үч жашар бала ушу кезге чейин изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0