Ысык-Атада мас кишинин тамекисинен өрт чыгып, ал каза тапты

© flickr.com / 55Laney69Тамеки чегүү. Архив
Тамеки чегүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, бөлмөдөгү жыгач пол жана жумшак эмерек күйгөн.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Туз айылынын 33 жаштагы тургуну өрттөн каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран мас абалында тамеки тарткан. Этиятсыздыгынан улам өрт чыгып, ал үйдөн чыгууга үлгүрбөй калган.

Жалын бөлмөдөгү жыгач пол жана жумшак эмеректерди жалмап кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0