Милиция: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү стадиондон кызды зордуктоого аракет кылган

Жазылуу
Шопоков айылынын тургуну 21 жаштагы кыз Адилет аттуу алыс таанышы аны коңшу айылдагы стадиондо зордуктоого аракет кылганын айтып, милицияга арыз менен кайрылган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Гавриловка айылындагы стадиондордун биринде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 21 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынын билдиришти.

Шопоков айылынын тургуну 21 жаштагы кыз аны Адилет аттуу алыс таанышы коңшу айылдагы стадиондо зордуктоого аракет кылганын айтып, милицияга арыз менен кайрылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 28 жаштагы киши кармалган. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0