Кара-Сууда Калашников автоматынын эки магазини огу менен табылды

© Фото / пресс-служба ГПС КРКара-Сууда табылган Калашников автоматынын эки магазини жана октору
Кара-Сууда табылган Калашников автоматынын эки магазини жана октору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кара-Суу" заставасынын чек арачылары УКМКнын кызматкерлери менен бирге иштешкен.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төрт-Көчө аймагында Калашников АК-74 автоматынын пакетке оролгон эки магазини огу менен табылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ар бир магазинде 12ден ок болгон. Алар бузулган көпүрөнүн алдынан табылган.

Мында "Кара-Суу" заставасынын чек арачылары УКМКнын кызматкерлери менен бирге иштешкен. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ок-дарылар УКМК өкүлдөрүнө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0