Сокулукта дүкөндүн ичине кумаркана уюштургандар кармалды

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүКазинодогу кумар оюн. Архив
Казинодогу кумар оюн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук айылында дүкөндүн ичине кумаркана уюштургандар кармалды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мында кумар оюндарын интернет аркылуу ойноого сунушталып, ал үчүн атайын жабдуулар да коюлган. 

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кумар оюндарын уюштуруу жана ойнотууга тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0