Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер силкинди

© AFP / LUIS RUEDAСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынын түштүк-батышында 7 чакырым узактыкта орун алган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 29-майда саат 21.59да болгон. Жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынын түштүк-батышында 7 чакырым аралыкта орун алган.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0