Бейтаптын туугандары жардам көрсөтүп жаткан дарыгер аялды жаакка чаап жиберишти

Жазылуу
Дарыгер жашы улгайып калган аялга медициналык жардам көрсөтүп жатканда кемпирдин жакындары аны басмырлап, кагып-силкишкен.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Тез жардам кызматынын кардиология бөлүмүнүн дарыгерин бейтаптын жакындары жаакка чаап жибергенин аталган кызматтын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, жекшемби күнү саат 21.20ларда Бишкек шаарындагы Көлбаев көчөсүндө жайгашкан үйдөн чакыруу келип түшүп, улгайып калган аялдын жүрөгү кармаганы кабарланган. Дарыгерлер келип 77 жаштагы бейтапты карашкан.

"Бейтаптын жакындары "анын ал-абалын сурабай эле, автоунаага салып ооруканага алып баргыла" деп чыр салышты. Дарыгер баары бир бейтаптын абалын сурап, эмне болгонун аныктоо керектигин түшүндүрүүгө аракет кылган. Бирок туугандарынын бирөө дарыгерди жаакка чаап жиберген", — дейт Борисов.

Бейтапка жардам берип жаткан дарыгерди туугандары кемсинтип, сөгүп-сагышкан. Оорулууну тез арада ооруканага алып кетүү керек болгондуктан алар милиция чакырышкан эмес. Бейтап Улуттук кардиология жана терапия бөлүмүнүн кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0