Аскер кызматкери нашаа менен кармалды

Жазылуу
Колго түшкөн жоокер рота командиринин орун басары, лейтенант наамына ээ болгон.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан 25 жаштагы аскер кызматкери нашаа менен кармалды. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди. 

Окуя 28-май күнү Жалал-Абаддын Токтогул районунда болгон. Колго түшкөн жоокер рота командиринин орун басары, лейтенант наамына ээ болгон. Тинтүү учурунда анын жанынан 723 грамм 420 миллиграмм нашаа табылган. 

Бул факт боюнча кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) боюнча кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0