Жалал-Абадда кайрадан жер титиреди

Жазылуу
Бүгүнкү жер силкинүүнүн күчү 4 балга жетсе, кечээ 4,5 баллдык жер титирөө катталган.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жалал-Абадда кайрадан жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сеймология институтуна таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 27-майда саат 12:11лерде болгон. Анын күчү 4 баллга жеткен.

Ош шаарынын борбордук көчөлөрүн нөшөрлөгөн жамгырдан кийин кыян суу каптап кетти - Sputnik Кыргызстан
Оштогу нөшөрлөгөн жамгырдан улам үй-жайлар менен имараттар сууга толуп калды
Жер силкинүү очогу Кетмен-Төбө айылынын түштүк-батышынан сегиз чакырым, Көк-Бел айылынын түштүк-чыгышынан сегиз чакырым, Токтогул шаарынын түштүк-чыгышынан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. 

Силкинүүнүн күчү Кетмен-Төбө, Көк-Бел айылдарында 4 балл, Токмок, Кара-Көл шаарларында 3 балл болуп сезилди. 

Жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.

Эске сала кетсек, 26-майда да Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер силкинүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0