Өзбекстандык Оштун тургунун өлтүрүүгө аракет кылып, милицияга бычак шилтеп калган

Жазылуу
Кара-Суу районунда кишиге бычак менен кол салгандар из жашырган. Анын артынан кууган милиция кызматкери кармап алганда, берки катуу каршылык көрсөткөн.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Өзбекстандын жараны Ош шаарынын жашоочусун өлтүрүүгө аракет кылып, артынан сая түшкөн райондук милиция кызматкерине кол салган. Бул туурасында ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызматынан билдиришти.

7-май күнү түшкө жуук Кара-Суудагы "Туратали" базарында Оштун жашоочусуна кол салуу болуп, ал киши моюнга жана көкүрөккө бир нече ирет бычак жеген.

"Окуянын чоо-жайын билээри менен райондук милиция кол салып качкан кишини кармоого болгон чараларды көргөн. Берки киши анын артынан келген тартип коргоочусуна бычак шилтеп калган",— деп билдиришти ИИМдин аталган кызматынан.

Чаламандын чак түшүндө эркек киши бычак такап, баланын баштыгын жулуп - Sputnik Кыргызстан
Чаламандын чак түшүндө эркек киши бычак такап, баланын баштыгын жулуп кеткен
Сержант Бегали Кушпак уулу шамдагайлык кылып аны кармап калууга үлгүргөн.

Окуя болгон жерге Тез жардам жана милициянын ыкчам тобу чакырылган. Шектелген киши Өзбекстандын 26 жаштагы жараны болуп чыкты. Ал Кара-Суу райондук милиция бөлүмүндөгү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Ал эми Сержант Бегали Кушпак уулуна көрсөткөн каармандыгы үчүн ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызматынын Түштүк бөлүмүнүн жетекчилиги акчалай сыйлык тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0