Чүйдө баңгизат саткан кылмышкер кармалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүүнүн үйүндө тинтүү жүрүп, 1 килограмм 650 грамм героин алынган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Чүй облусунда баңгизат саткан кылмышкер колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. 

Пакеттеги нашаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде айыл тургуну 15 кг нашаа менен кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде Аламүдүн районунун тургуну 1,3 грамм героин менен кармалган. Анын аркасы менен баңгизат саткан жаран аныкталып, Аламүдүн районунун 35 жаштагы тургуну колго түшүрүлдү. 

Үстүбүздөгү жылдын 24-майында Аламүдүн райондук сотунун чечими шектүүнүн Төмөнкү Ала-Арчадагы үйүндө тинтүү жүрүп, 1 килограмм 650 грамм героин алынган. 

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0