Чүй жана Ошто мал уурулар кармалды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүУй айдап бараткан адам. Архив
Уй айдап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүүлөр бир торпок жана уй уурдаган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Чүй облусунун Москва районунда мал уурулук менен алектенип келгендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. 

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Кыяда акча алмаштыруучу жайдын ээси 32 миң долларын алдатып жиберди
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-май күнү белгисиз жаран Ак-Суу кыштагында торпокту байланып турган жеринен уурдап кеткен. Аталган факт боюнча Чүй облусунун 26 жаштагы жараны кармалды.

Мындан сырткары, Ош облусунун Кара-Суу районунда үстүбүздөгү жылдын 23-май күнү уй жоголгон. Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган кылмыш боюнча 18 жана 45 жаштагы айыл тургундары кармалган. 

Мал уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0