Исфанада сел көпүрөнү алып, бодо малды агызып кетти

Жазылуу
Жаан-чачындан улам сел Исфана шаарында, Чимген жана Самат айылдарында жүрдү.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Баткендин Исфана шаарында сел жүрүп, Ош — Баткен — Исфана автожолундагы көпүрөнү алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Исфана шаарында, Чимген жана Самат айылдарында сел жүрүп, 4-5 баш ири мүйүздүү малды агызып кеткен. Мындан сырткары, сай боюндагы жер тилкелеринин кээ бир жерлерин сел жууп кеткен.

Учурда көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0