Сүлүктүдө жүргөн көчкү бир сарайды кулатты

© пресс-служба МЧС КРУгроза схода 80-метрового оползня в Сулюкте
Угроза схода 80-метрового оползня в Сулюкте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Баткен облусунун башкармалыгы кырсык кооптуулугу бар аймакта жашаган 11 турак үйдүн жашоочуларына эскертмелерди берип, туугандарыныкына убактылуу жайгаштырды.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Сүлүктү шаарында жамгырдын кесепетинен жер көчкү 1,5 метрге чейин жылып, анын кесепетинен бир сарай кулады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Жер көчкүнүн узундугу 80 метр, туурасы 15, бийиктиги 5 метр болгон. ӨКМдин Баткен облусунун башкармалыгынан ыкчам тобу кырсык кооптуулугу турган Макаевская көчөсүндө жашаган 11 турак үйдүн жашоочуларына эскертмелерди берип, туугандарыныкына убактылуу көчүрүлдү", — деп маалымдады министрликтен.

Учурда Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери тарабынан иликтөө жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0