Соцтармакка чыккан BMW унаасындагы куралчан жаран кармалды

Жазылуу
Шектүү "Stremer" үлгүсүндөгү тапанчасы бар экенин моюндады.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы "Promzona" көңүл ачуучу клубдун алдынан ок атууга шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ак түстөгү BMW 730 үлгүсүндөгү унаа айдаган белгисиз жарандар асманга бир нече ирет ок чыгаргандыгы тууралуу маалымат Facebook социалдык тармагына жарыяланган. 

Буга ылайык Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, унаанын ээсин аныкташты. 

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнин атып салды деп шектелген милиционердин ишин прокуратура тергеп жатат
Ок чыгарууга шектелип 17-май күнү 28 жаштагы бишкектик жаран кармалды. Ал сурак учурунда 15-май күнү аталган аймакта болгондугун жана "Stremer" үлгүсүндөгү тапанчасы чын эле бар экенин моюндаган. Бирок шектүү тапанчасынан ок чыгарбагандыгын айтып, курал көтөрүүгө уруксат кагазы бар экенин билдирген. 

Ал эми сыртта видеокамералардын жок экенин милициядан билдиришти. 

Учурда тапанча ээсинен алынып, унаа айып короого токтотулду. Аталган факты Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө иштери башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0