Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган малайзиялык жаран кармалды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган адам УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган малайзиялык жаран чек арадан кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Малайзиянын жараны "Чалдыбар" өткөрмө пунктунан чек арачыларга башка адамдын паспортун көрсөткөн. 

Учурда кармалган жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0