Америкада жашаган кыргызстандык келин өз жанын кыйганы айтылууда

© flickr.com / Nick Vidal-HallАркан. Архив
Аркан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аялдын мындай кадамга эмнеге барганын тийиштүү органдар текшерип жатат. Маркум өлөр алдында кат жазып кеткен.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Американын Нью-Жерси штатында 16-май күнү кыргызстандык келин өз бөлмөсүндө асынып калган. Учурда аялдын кадамынын себептери иликтенүүдө. Бул тууралуу ал келиндин денесин Кыргызстанга жөнөтүү үчүн акча топтоого көмөктөшүп жаткан сайтта айтылат. Мындай кабарды Нью-Йорктогу мекендештер тастыктады.

Алакандары дарылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки аял димедрол ичип өлүүгө аракет кылды
Маалыматка ылайык, маркум аял үч-төрт жума мурун беш жаштагы баласын Америкага алып келген. Ал өз жанына кол саларга чейин кат жазып, баласын чогуу жашаган аялга табыштаган.

Маркумдун денесин Кыргызстанга жөнөтүүгө 5500 доллар жана кыздын ата-энесине жардам катары зыйнаты үчүн 2000 доллар керектелери сайтта жазылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0