Жайылда аскердик билет үчүн пара алган комиссариаттын кызматкери кармалды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАскердик билет. Архив
Аскердик билет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшүрүлгөн кызматкер учурда Бишкек гарнизонунун гаупвахтасына киргизилди.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жайыл райондук сотунун аскер комиссариатынын жооптуу кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бөлүм башчы альтернативалык негизде кызмат өтөп жаткан жаранга аскер билетин берүү үчүн беш миң өлчөмүндө акча алып жатып колго түшкөн.

Аталган факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш жаза кодексинин 313-беренесинин (пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0