Чүйдө чек араны бузуп, топурак жүктөп кетүүгө аракет кылгандар колго түштү

© flickr.com / Kelly SikkemaКүрөк. Архив
Күрөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда алардын жанында топурак казууга уруксат берүүчү документтери болгон эмес.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Мамлекеттик чек ара режимин бузганы үчүн Аламүдүн жана Кемин райондорунда үч кыргызстандык жаран кармалганын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жарандар карьерге кирип, жүк ташуучу унааларга топурак жүктөөгө аракет кылышкан. Мында алардын уруксат берүүчү документтери болгон эмес. 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандарга административдик айып пул чегерилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0