Жалал-Абадда күрөң аюунун териси менен бир жаран кармалды

© пресс-служба ГАООСЛХ при ПКРАйлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери аюунун терисин табышты.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери аюунун терисин табышты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жаныбар Кызыл китепке киргизилген. Кыргызстанда күрөң аюуну атууга каралган айып пулдун көлөмү 400 миң сомду түзөт.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери Жалал-Абад облусунун тургунунан күрөң аюунун терисин табышты. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы билдирди. 

© пресс-служба ГАООСЛХ при ПКРАйлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери күрөң аюунун терисин табышты.
Шкура бурого медведя, изъятая сотрудниками территориального подразделения ГАООСЛХ в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери күрөң аюунун терисин табышты.

"11-май күнү рейд учурунда Аксы районунун Тосту айылынын жашоочусу Кызыл китепке киргизилген күрөң аюунун териси менен кармалган", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда милиция жана прокуратура кызматкерлери тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. 

Кыргызстанда күрөң аюуну атууга каралган айып пулдун көлөмү 400 миң сомду түзөт. Мындан тышкары, мыйзамсыз аңчылык үчүн эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0