Караколдо 1,5 миң сом үчүн адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

Жазылуу
Кылмышка шектелип эки жаран кармалды. Алар карызды өндүрүү максатында жаранды башка темир союл менен ургандыгын моюндашты.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкектин четиндеги "Арча-Бешик" конушунда 30 жаштагы эркек адамды таяктап өлтүргөндөр кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Үстүбүздөгү жылдын 24-март күнү болжол менен түнкү саат 23.25 чамасында белгисиз адамдар тарабынан конуштун тургуну сабалып, алган жаракатынан улам 27-мартта ооруканада көз жумган. 

Тапанча кармаган милиционер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө жээнин атып салды деп милиционер шектелип жатат
Аталган иш боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан 28 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. 

Ал тууганы ага бир таанышынан 1500 сом карызын өндүрүп берүүнү өтүнүп кайрылганын айткан. Мындан улам 24-март күнү аласаны алуу максатында жаранды көчөдө келе жаткан жеринен аркасынан темир союл менен башка чабышканын моюндаган. 

Ал эми 10-май күнү ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкектеги кафелердин биринен кылмышка катыштыгы бар деп эсептелген экинчи жаран кармалды. Ал сурак учурунда кылмышка себепчи болгонун моюндаган. 

Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери уланууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0