Эртең менентен баштап Бишкекте бир нече бак кулады

© фото очевидца Саламата Байтулеева, отправленное по Whats App-каналуБишкек шаарындагы Ташкент көчөсүндө кулаган бак.
Бишкек шаарындагы Ташкент көчөсүндө кулаган бак. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ахунбаев көчөсүндө кулаган бак эки жеңил унааны жабыркаткан.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бүгүн эртең менентен баштап Бишкектин ар аймагында бир нече бак кулаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын директору Токтобек Элгондиев билдирди.

Буга чейин WhatsApp-канал аркылуу окурман Ташкент көчөсүндө кулаган бактын сүрөтүн салып жиберген.

Элгондиев аталган көчөгө кара жыгач багы кулаганын ырастады.

"Абалы жакшынакай эле бак экени көрүнүп турат. Дарак электр чубалгыларын жана телефондук байланышка зыян келтирген. Мендеги маалымат боюнча учурда бардыгы калыбына келтирилди", — деди ал.

Айдоочу кулаган дарак тууралуу: кетейин деп жатканда машинамды бак басып калды
Элгондиевдин айтымында, мындан тышкары, Аламүдүн-1 кичи районунда теректер кулаган. Ал эми Ахунбаев менен Тынчтык проспектисинде кулаган дарак эки жеңил унааны жабыркаткан.

Муну менен бирге Жаш Гвардия проспектисинде кара жыгачтын бутагы унаа үстүнө түшкөн. Адамдар арасында жабыркагандар катталган эмес.

Ишкана жетекчиси бактардын кулашы нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0