Баткенде шамал 25 айылдын үйлөрүнүн чатырын учуруп кетти

© пресс-служба МЧС КРШамал чатырын учуруп кеткен үй. Архив
Шамал чатырын учуруп кеткен үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда келтирилген зыян эсептелип, райондук РЭС кызматкерлери үзүлгөн электр чубалгыларын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Алдын ала алынган маалымат боюнча Баткен облусунун Лейлек, Баткен районунда болгон катуу шамал 25 айылдагы турак үйлөр менен социалдык жайлардын 4048 шиферин учуруп кетти. Андан сырткары бак-дарактар кулап, электр чубалгылары үзүлгөн. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"9-майда түнкү саат 2-4төр чамасында Маргун, Кулунду, Бешкент, Сумбула, Ак-Суу, Тогуз-Булак, Жаңы-Жер айыл аймактарында катуу шамал болуп, анын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жетти",— деп билдирди маалымат кызматы.

Акыркы убактагы сел жана жер көчкүнүн зыяны аныкталды
Турак жайлардан сырткары Кулунду айылында ӨКМдин өрткө каршы имаратынын чатырын алып кеткен. Бир нече айылдардын мектептери, бала бакчаларынын чатырлары шиферсиз калган. 

Ал эми Баткен районунан дагы төрт айыл жогорудагыдай кырдаалга кабылган. 

Андан сырткары, шамал Сүлүктү шаарында 37 турак жайдын чатырынан 432 шиферин учуруп, бак-дарактар кулап, электр чубалгыларын үзгөн.

ӨКМ учурда келтирилген зыянды эсептеп, райондук РЭС кызматкерлеринин беш бригадасы электр чубалгыларын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0