Кеминде автоунаа аласалып 27 жаштагы аял каза болду

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машинадагы калган жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар унааны түздөп, жолго чыгарышкан.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кемин районунда Бишкек — Торугарт автоунаа жолунун 114-чакырымында Toyota Ipsum үлгүсүндөгү машина жолдон чыгып оодарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, унаада айдоочусу менен кошо жети жүргүнчү болгон. Анын бирөө 27 жаштагы Калбүбү Байтокова Кемин райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилип, ошол жактан каза болгон. 

Калган алты жүргүнчү жабыркаган эмес. Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар унааны түздөп, жолго чыгарышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0