Нарында түндө жер титиреди

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Очогунда 4 баллдык жер титирөөнүн күчү Нарындын айылдарында 3-3,5 балл болуп сезилди.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бүгүн Нарын облусунда түнкү саат 01.54тө жер титирегенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, силкинүүнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Таш-Булак айылынан 15 чакырым, Ак-Талаадан 18, Нарын шаарынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. 

Нарындын айылдарында жер титирөөнүн күчү 3-3,5 балл болуп сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча силкинүүдөн жабыр тарткандар катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0