Баткенде мас аял милиция кызматкерин бычактап сала жаздады

CC BY 2.0 / r. nial bradshaw / knifeСтолдогу бычак. Архив
Столдогу бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкеринин погону жулунуп, бирок ден соолугуна залака келтирилген жок.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Баткендин Кызыл-Кыя шаарында белгисиз аял эч бир себеби жок милиция кызматкерине бычак мен кол салганы тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала-Букада 1,5 жана 2,5 жаштагы бир туугандар аңга түшүп кетип чарчап калышты
Маалыматка ылайык, 4-майда саат 16.00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын биринчи кичирайонунда жайгашкан нөөмөт бөлүмүнө түшкөн коңгуроо боюнча, милиция кызматкери №2/25 үйгө кызматтык милдетин аткарууга барган. 

Анда чакырган үйдүн ээсинен окуянын чоо-жайын тактап жаткан маалда белгисиз аял чуркап келип бычак менен саюуга аракет жасап, милиционердин погонун жулуп алган. 

Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 341-беренесинин (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) негизинде кылмыш иши козголуп кол салган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал мас абалында болгону аныкталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0