Ала-Букада 1,5 жана 2,5 жаштагы бир туугандар аңга түшүп кетип чарчап калышты

Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча аңга алгач кичинекейи түшүп кетип, аны чоңураагы чыгарам деп өзү да кулап кеткен.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Ала-Бука районунун Сапалак-Сай айылында 1,5 жана 2,5 жаштагы эки бир тууган аңдагы суу толуп калган көлчүккө түшүп кетип чарчап калышты. 

Маалыматка ылайык, кырсык кечке маал болгон. Наристелердин апасы бала бакчадан алып келгенден кийин үй алдында ойноп жаткан балдарын таппай калган. Издөө иштерине милиция кызматкерлери тартылган. 

"Башка жактан издей беришиптир. Көп өтпөй балдар үйдүн алдындагы ылай алынуучу кичинекей аңдан табылды. Суу жутуп каза болушуптур", — деди үй-бүлөнүн коңшусу. 

Алдын ала маалыматтар боюнча аңга алгач кичинекейи түшүп кетип, аны чоңураагы чыгарам деп өзү да кулап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0