Балыкчы — Каракол жолунда автоунаанын дөңгөлөгү атып кетип, аласалды

© Ак-Моор ЯнМедицинская помощь у автомашины марки BMW которая перевернулась недалеко от Балыкчи
Медицинская помощь у автомашины марки BMW которая перевернулась недалеко от Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан 19 жаштагы айдоочу каза болгон. Калган жүргүнчүлөр Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Балыкчы — Каракол унаа жолунун 18-чакырымында ВМW үлгүсүндөгү унаа аласалып, 19 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу Кайгуул милициясы билдирди.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтада 23 жаштагы бала май куюучу бекетте ууланып каза болду
Кырсык кечээ, 4-май күнү болжол менен саат 12.30да болгон. Алдын ала маалымат боюнча Балыкчыны көздөй келе жаткан унаанын Сары-Камыш менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосуна келгенде дөңгөлөгү атып, мындан улам айдоочу рулду башкара албай, машина оодарылып кеткен. 

Айдоочу окуя болгон жерде каза болсо, унаанын ичиндеги үч жүргүнчү Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0