Кара-Балтада 23 жаштагы бала май куюучу бекетте ууланып каза болду

© AFP / PHILIPPE HUGUENМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май куюучу жайдын кызматкери атайын кийимсиз бензин сакталган аймакка кирип, эс-учун жоготкон.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кара-Балта шаарынын тургуну май куюучу бекетте ууланып каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Айдоочу кулаган дарак тууралуу: кетейин деп жатканда машинамды бак басып калды
Ага ылайык, 2-май күнү Кара-Балта шаарынын 23 жаштагы тургуну "Газпром" май куюучу жайында бензин сакталган аймакка атайын кийим кийбей кирип, андагы буюмдарды тазалоого аракет кылган. Аталган жаран заматта эс-учун жоготкон. 

Чакырылган Тез жардам кызматы өмүрүн сактаганга үлгүргөн жок. 

Каза болгон жаран аталган жайда эки жылдан бери иштеп келген. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0