Багы жокко дагы жок: беш жигит таяктаган мас кишини ит талап кетти

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүКапастагы ит. Архив
Капастагы ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүлүп, ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бишкекте мас кишини топ жигиттер сабап, андан кийин ит талап кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык тез жардам кызматы билдирди. 

Аламедин дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга чөгүп кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды
Мындай маалымат Тез жардам кызматына 2-май күнү келип түшкөн. 

Тез жардам кызматынын дарыгерлери окуя болгон жерге барып, жабырлануучу 32 жашта экенин аныктаган. Жабырлануучу аны беш жигит сабап, андан соң жолбун ит талап кеткенин айткан. 

Жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүлүп, ооруканага жаткырылды. Ур-токмокко кабылып, таландыда калган жарандын абалы канааттандырарлык.

Жаңылыктар түрмөгү
0